Өлкөдө жыл башынан бери 41 кызамык жана 6 кызылча оорусу аныкталган

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, 3-апрелге карата кызамык жана кызылча оорусу катталууда.

2023-жылдын башынан бери 41 кызамык жана 6 кызылча оорусу аныкталган.

Аймактар ​​боюнча:

Бишкек шаары — 8,

Жалал-Абад облусу — 2,

Ош облусу — 20,

Ош шаары — 7,

Баткен облусу — 2,

Чүй облусу — 2.

Негизги себеп болуп балдарды жана чоңдорду кызамыкка жана кызылчага каршы пландуу иммунизациялоонун камтылышынын төмөндөшү саналат, өсүш профилактикалык эмдөөлөрдөн баш тарткандардын арасында болууда.