Өлкөдө жыл башынан бери 6 адамдан кызамык жана кызылча оорусу катталды

Республикалык иммунопрофилактика борбору январь айында өлкөдө кызамык жана кызылча оорусуна эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүнүн алкагында кызамык жана кызылча оорусуна шектелген 10 кан үлгүсү лабораториялык текшерүүдөн өткөнүн, анын ичинен 4 анализ кызамык оорусуна кабылганын көрсөткөн. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, алардын бири Түркиядан жуктуруп келген. Жалпысынан бүгүн, 23-январга карата 4 кызамык жана 2 кызылча оорусу катталды. Бейтаптардын абалы канааттандырарлык, дарыгерлер көзөмөл жүргүзүп жатат.