Өлкөдө жыл башынан бери 98 адам сууга чөгүп каза болгон

Өлкөдө жыл башынан бери 98 адам сууга чөгүп каза болгон. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Чөгүп каза болгондордун саны аймактар ​​боюнча:

— Ош облусу — 22 адам (2022-жылы — 17);

— Чүй облусу — 21 адам (2022-жылы 23);

— Ысык-Көл облусу — 16 адам (2022-жылы — 15);

— Жалал-Абад облусу — 12 адам (2022-жылы — 6);

— Баткен облусу — 9 адам (2022-жылы — 4);

— Нарын облусу — 7 адам (2022-жылы — 5);

— Талас облусу – 3 адам (2022-жылы – 10).