21-мартта Даун синдрому бар адамдардын Дүйнөлүк күнү белгиленет. Бул дата кокустан тандалып алган эмес, анткени ар бир адамда 23 жуп хромосом бар, ал эми Даун синдрому бар адамдарда 21-жупта 2 эмес, 3 хромосом бар, тактап айтканда үч жыйырма биринчи хромосома бар. Бул жерден символикалуу дата келип чыккан – 21 күн 3 ай.
«Сорос-Кыргызстан» фондунун маалыматы боюнча, дүйнөдө ар бир 800-1000-бала Даун синдрому менен төрөлөт. Кыргызстанда бул синдром менен төрөлгөн балдардын статистикасы жок, бирок жарыкка келген балдардын жана дүйнөлүк тенденцияга жараша жыл сайын өлкөдө 100-150дөй бала ушул диагноз менен төрөлөт деп эсептөөгө болот.
Даун синдрому (медициналык аталышы — трисомия21) — бул өзгөчө генетикалык абал, мындан улам баланын өнүгүүсүндө жана саламаттыгында айрым бир өзгөчөлүктөр болот. Бул оору эмес жана адамга ыңгайсыздык жаратпайт. Азыр дүйнөдө Даун синдрому менен адамдар – окууга, иштөөгө, үй-бүлө курууга жөндөмдүү социумдун активдүү мүчөлөрү. Трисомия21 менен балдарды эрте колдоо жана педагогикалык коштоо, үй-бүлө үчүн өзгөчө биринчи кезекте психологиялык жана маалыматтык жардам өтө маанилүү. Булардын бардыгы менен «Луч добра» ата-энелер биримдиги алектенет, анын миссиясы Кыргызстанда Даун синдрому бар адамдардын жашоо сапатын жакшыртуу болуп саналат. Бул биримдиктин колдоо программасында Даун синдрому бар балдарды тарбиялаган 200 үй-бүлө катышышат.
Даун синдрому деген эмне экендиги тууралуу маалыматтык коом жана шылдыңдоо менен күрөшүү – чыныгы инклюзивдик коомду түзүүгө олуттуу салым, дүйнө жүзү боюнча активисттер Трисомия21 бар адамдардын жашоосу, жеңиштери жана жетишкендиктери жөнүндө айтууга жана көрсөтүүгө умутулушат. Даун синдромунун календарда да маанилүү датасы бар.