Өлкөдө жыл сайын 100-150 бала Даун синдрому менен төрөлөт

21-мартта Даун синдрому бар адамдардын Дүйнөлүк күнү белгиленет. Бул дата кокустан тандалып алган эмес, анткени ар бир адамда 23 жуп хромосом бар, ал эми Даун синдрому бар адамдарда 21-жупта 2 эмес,  3 хромосом бар, тактап айтканда үч жыйырма биринчи хромосома бар. Бул жерден символикалуу дата келип чыккан – 21 күн 3 ай.

«Сорос-Кыргызстан» фондунун маалыматы боюнча, дүйнөдө ар бир 800-1000-бала Даун синдрому менен төрөлөт. Кыргызстанда бул синдром менен төрөлгөн балдардын статистикасы жок, бирок жарыкка келген балдардын жана дүйнөлүк тенденцияга жараша жыл сайын өлкөдө 100-150дөй бала ушул диагноз менен төрөлөт деп эсептөөгө болот.

Даун синдрому (медициналык аталышы — трисомия21) — бул өзгөчө генетикалык абал, мындан улам баланын өнүгүүсүндө жана саламаттыгында айрым бир өзгөчөлүктөр болот. Бул оору эмес жана адамга ыңгайсыздык жаратпайт. Азыр дүйнөдө Даун синдрому менен адамдар – окууга, иштөөгө, үй-бүлө курууга жөндөмдүү социумдун активдүү мүчөлөрү. Трисомия21 менен балдарды эрте колдоо жана педагогикалык коштоо, үй-бүлө үчүн өзгөчө биринчи кезекте психологиялык жана маалыматтык жардам өтө маанилүү. Булардын бардыгы менен «Луч добра» ата-энелер биримдиги алектенет, анын миссиясы Кыргызстанда Даун синдрому бар адамдардын жашоо сапатын жакшыртуу болуп саналат. Бул биримдиктин колдоо программасында Даун синдрому бар балдарды тарбиялаган 200 үй-бүлө катышышат.

Даун синдрому деген эмне экендиги тууралуу маалыматтык коом жана шылдыңдоо менен күрөшүү – чыныгы инклюзивдик коомду түзүүгө олуттуу салым, дүйнө жүзү боюнча активисттер Трисомия21 бар адамдардын жашоосу, жеңиштери жана жетишкендиктери жөнүндө айтууга жана көрсөтүүгө умутулушат. Даун синдромунун календарда да маанилүү датасы бар.

Ар бир адам 21-мартка карата өткөрүлүүчү дүйнөлүк «Lot of socks» флешмобуна катышуу менен маалыматтык ишке өз салымын кошо алат – флешмобдун маңызы: өзүнө көңүл бурдуртуу үчүн ар түрдүү жуптагы ачык байпактарды кийүү же шарфтын ордуна ачык байпакты оронуу жана бул күн тууралуу кызыккандардын баарына айтып берүү. Эмне үчүн байпак? Анткени ошол өзгөчө 21 хромосома эки байпакты эске салуучу «Х» тамгасынын формасына ээ.