Өлкөдө көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди

Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Мындай чечим көмүрдүн баасынын өсүү темпин ооздуктоо, 2022-2023-жылкы күз-кыш мезгилинде калкты көмүр менен өз убагында жана туруктуу камсыз кылуу максатында кабыл алынды.

Көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну максималдуу бааны белгилөө менен 90 календардык күндүк мөөнөткө киргизүү чечими кабыл алынды.