«Өлкөдө кумшекердин, майдын, ундун запасы жетиштүү. Баалар арзандайт». Министр элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды

«Өлкөдө кумшекердин, майдын, ундун запасы жетиштүү». Бүгүн, 15-мартта маалымат жыйын берген Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

Анын айтымында, Украинадагы кырдаалга байланыштуу Кыргыз жарандары дүрбөлөңгө түшүп жатышат. «Соңку үч күн элдин дүрбөлөңгө түшкөнүн көрсөттү. Дүкөндөрдүн текчесинен толугу менен кумшекер жоголду. Биздин анализ дүңүнөн саткан ишкерлерде кумшекер бардыгын көрсөттү. Бирок чекенеден саткан соода түйүндөрдө кумшекерди бүт сатып алып коюшканы үчүн түшүнбөстүк жаралды», — дейт министр.

Бообек Ажикеев Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда резервдер болуп көрбөгөндөй жетиштүү экенин айтты. «Биз биринчи жолу азык-түлүктүн запасын толтурдук. Чек аралар ачык. Калкта тынчсызданууга эч кандай негиз болбошу керек. Азык-түлүккө бааны негизсиз кымбаттатууга бардык аракеттерге катаал түрдө жол берилбеши шарт. Азык-түлүктүн коопсуздугу Министрлер кабинетинин жана мамлекет башчысынын көзөмөлүндө турат. Ошондуктан кумшекердин, майдын, ундун запасы жетиштүү деп ишенимдүү айта алам», — дейт министр.

Бообек Ажикеевдин айтымында, кумшекер жана өсүмдүк майы сатыкка арзандатылган баада түшөт. Бул үчүн президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 1 миң тонна кумшекер жана 500 миң литр өсүмдүк майы чыгарылат. Кумшекер 70 сомдон, өсүмдүк майы 130 сомдон сатылат. Мындай чара аталган азыктарга бааны кескин кымбаттап кеткени байланыштуу кабыл алынды.