Кечээ, 28-мартта Чүй облусунун Москва районундагы “Спартак» жалпы орто билим берүү мектебинин базасында өлкө боюнча ачуу пландаштырылган 560 кыска мөөнөттүү (3 сааттык) бала бакчанын биринчиси салтанаттуу түрдө ачылды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.
“Келечек үчүн билим берүү” жана “Окутуунун негиздерин бекемдөө” долбоорлорунун алкагында Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 500 бала бакча жана 60 өнүктүрүү борбору түзүлөт. Бул 3 жаштан 6 жашка чейинки 40 миңге жакын баланы мектепке чейинки билим берүү менен камтууга мүмкүндүк берет. Кыска мөөнөттүү бала бакча 3 сааттык программаны сунуштайт, мамлекеттик стандарттарга ылайык балдарды өнүктүрүүгө көңүл бурат. Болгону уктоо жана тамак берүү каралган эмес. Мындай формат экономикалык жактан үнөмдүү жана эки нөөмөттө мектепке чейинки өнүктүрүү программалары менен камтылган сабактарды уюштуруунун эсебинен балдардын санын эки эсеге көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.