Өлкөдө кызамык боюнча кырдаал курч бойдон калууда

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, 2023-жылдын башынан бери кызамык менен ооруган 3618 учур аныкталган.

Жашы боюнча бөлүштүргөндө 88 пайызы же 3195 учур 10 жашка чейинки балдар арасында катталган. Оорулуулардын эмдөө абалы боюнча 87 пайызы же 3140 бейтап ар кандай себептер менен эмдөө алган эмес.

Кызамык вирусунун активдүү циркуляциясы Бишкек, Жалал-Абад жана Чүй облустарында байкалууда, бул жерде вирустун жугушу уюшкан топтордогу эмделбеген балдар арасында кездешүүдө.

«Жалпысынан кызамык боюнча кырдаал курч бойдон калууда. 9 айдан 7 жашка чейинки курактагы балдарды кызылча жана кызамыкка каршы кошумча эмдөө кампаниясы вирус эң активдүү жайылган аймактарда: Бишкек, Ош шаарларында, Ош, жана Чүй облустарында улантылууда. Жалал-Абад облусунда кызамык оорусу күчөгөнүнө байланыштуу уюшкан топтордогу балдарды кошумча эмдөө иштери башталды. Мындан тышкары, бардык курактагы байланыштагы адамдар 72 сааттын ичинде ыкчам түрдө эмдөөдөн өтүшөт»,- дешти.