Өлкөдө кызамык илдетинин катталуу учурлары азайып баратат

Өлкөдө кызамык илдетинин катталуу учурлары төмөндөө тенденциясына ээ болууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Кызамык илдетинин катталуу учурлары азайып баратат, бирок вирустун негизги жүгүртүүсү Бишкек шаарында жана Чүй облусунун борборго чектеш эки районунда байкалууда, бул жерде вирустун жайылышы стационардык очоктор тарабынан коштолууда.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, 1-сентябрдан 17-сентябрга чейин республика боюнча кызамык оорусуна чалдыккан 49 учур катталган. Ал эми июль айында 828 учур, август айында 260 учур катталган. 2024-жылдын башынан бери Кыргызстанда кызамык оорусунун жалпы 13 320 учуру катталды.