Кыргызстанда мал союучу 93 жайдын 25и талапка жооп бербейт жана алар жабылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен маалымдашты.
«Бир канча талапка жооп бербеген мал союучу жайларга ветеринардык көрсөтмөлөр берилген, эгер санитардык абал сакталып, талаптагыдай иштер аткарылса, иштетүүгө уруксат берилет», — деп жазылат маалыматта.