Өлкөдө очогунда күчү 6 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун алдын ала маалыматына ылайык, кечээ, 5-августта саат 19:44тө Кыргыз Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда (φ = 41° 19´ с.ш. λ = 72° 40´в.д.) күчү 6 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында 4,5 балл, Жалал-абад шаарында 3,5 баллга чейин сезилген. Учурда тактоо иштери жүрүп жатат, министрдин буйругу менен комиссия түзүлүп жеринде иштеп жатат.