Өлкөдө оң рулдуу унаалар менен жол кырсыкка кабылгандар 25 пайызды түзөт

Кырсыктардын 25 пайызы оң рулдуу айдоочулардын айынан катталат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы Азамат Исраилов парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө 150 миңдей оң рулдуу унаа бар. «Оң рулдуу унаалар жалпы унаалардын 10 пайызын түзөт. Ал эми жолдогу айдоочулардын күнөөсү менен болгон жол кырсыктарына катышуу 25 пайызды түзөт. Бул машиналар оор жана өзгөчө оор өлүмгө алып келген кырсыктардын 60 пайызын түзөт. Ошондуктан биз буга каршыбыз», — деди ал.