Өлкөдө пневмониядан каза болгон балдардын саны өсүп жатабы?

14-февралда үй-бүлөбүз менен Ош шаарынын жанындагы көрүстөнгө барып, маркум атамдын мүрзөсүнө куран окудук. Көрүстөндүн кароолчусу мага акыркы мезгилде балдардын сөөгүн көбүрөөк алып келип жаткандарын айтты. Өлүмдүн себеби пневмония болуп жатыптыр. Бул тууралуу интернет колдонуучусу Ахрор Иминов жазып чыкты.

Анын айтымында, өлкөдөгү бардык ооруканаларды текшерип, алдын-ала чараларды көрүү керек.

«Мен катардагы жаран жана катардагы ата катары бул маселе боюнча ачык айтышым керек. Азыр мени аябай тынчсыздандырат!

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артём Эдуардович Новиков балдардагы пневмония учурлары боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү. Ал 14 жашка чейинки балдарды медициналык көзөмөлдөө боюнча иш-чаралардын планы жоктугу үчүн тиешелүү органдардын ишин сынга алды. Дурус! Коомдо коркуу сезими күч ала баштады. Чечимдер керек!

Эми кызыктуу бөлүккө өтөлү. 14-февралда үй-бүлөбүз менен Ош шаарынын жанындагы көрүстөнгө барып, маркум атамдын мүрзөсүнө куран окудук. Көрүстөндүн кароолчусу мага акыркы мезгилде балдардын сөөгү көбүрөөк алынып келингенин айтты. Өлүмдүн себеби катары пневмония болуп жатыптыр. Акыркы жумада 20га жакын бала!  Тезинен бардык ооруканаларды текшерип, алдын ала чара көрүшүбүз керек! Кылдат текшерүү керек!»,- деп жазган ал.