Өлкөдө сасык тумоо жүрүп жатабы же ковидби? Министр жооп берди

«Азыр өлкөдө кандай вирус жүрүп жатат? Гриппи же ковидби?». Мындай суроону депутат Алишер Козуев саламаттыкты сактоо министринен сурады.

Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, ал ковид эмес, грипптин бир түрү.

«Көп эле адам, анын катарында биз деле учурда ооруп жатабыз. Бул мурдагы грипптен башкача. Дарылоо жолдору боюнча маалымат берип койгула», — деди депутат.