Өлкөдө сутка ичинде 494 адам коронавируска чалдыгып, 5 бейтап көз жумду

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 494 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте —  224, Ошто — 80, Чүйдө — 73, Ош облусунда — 47, Таласта — 5, Нарында — 6, Ысык-Көлдө — 22, Жалал-Абадда — 27, Баткенде — 10 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 108 миң 667 адамга жетти.

Соңку суткада 5 киши оорудан каза болду. Бишкекте төрт, Чүй облусунда бир өлүм катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 1 миң 869 адамды түздү.