Өлкөдө тирүү малды сыртка сатууга бир аптага уруксат берилди

Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлиги буга чейин тыюу салынган мал-жандык жана айыл чарба азыктарын сыртка чыгарууга бир жумага уруксат берди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады. Министр Тилек Токтогазиевдин айтымында, мындай чечим көптөгөн жолугушуулардагы сунуштарды эске алуу менен кабыл алынды. Айрым ишкерлердин товар жеткирүү боюнча буга чейин түзүлгөн келишимдерин аткарып алууга убакыт берилди.

Кыргызстанда 2020-жылдын октябрь-ноябрь айларында эт чукул кымбаттап кеткен, мындан улам Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлиги ЕАЭБден тышкаркы өлкөлөргө тирүү мал сатууга тыюу салган.