Өлкөдөгү 40 башкы имамга жана 9 казыга унаа тапшырылды

Бүгүн, 25-март күнү президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен өлкө аймагындагы 9 казыга жана 40 райондук башкы имам-хатибге кызматтык унаалар тапшырылды.

Рамазандык иш-чарага Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Юсупов, Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Абдулазиз Закиров, муфтийдин орун басарлары, жана дин кызматкерлери катышты.

Иш-чаранын негизги максаты – аймактардагы дин кызматкерлеринин ишин жеңилдетүү, оптималдаштыруу жана элге ыңгайлуу, сапаттуу диний кызмат көрсөтүүнү камсыздоо болуп саналат. Кызматтык автоунаалар аймактагы дин кызматкерлеринин жумуштук милдеттерин ыкчам жана натыйжалуу аткарышына мүмкүнчүлүк түзмөкчү.