Өлкөдөгү бардык бала бакчалардын иштешине уруксат берилбейт. Мындай маалыматты республикалык штаб таратты.
Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин бардык жетекчилерине жергиликтүү бийлик жана санэпидкөзөмөл менен макулдашып ишти жандандыруу тапшырылган. Бирок аталган эки орган илдеттин жугуу жана жайылуу коркунучу жогору болгондуктан уруксат бербей тургандыгы маалым болду.
Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдө 289 бала бакча реалдуу режимде иштеп жатканын билдирди. Анын 150сү менчик, 137си мамлекеттик, 2өө ведомстволук бала бакчалар. Бишкек шаарында 52 менчик жана 2 ведомстволук мектепке чейинки билим берүү мекемелери иш алып барышууда. Алардын баары тийиштүү талаптарды аткарганы үчүн ишин улантууга уруксат алышкан.
Бишкекте +39. 27-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 27-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз көпчүлүк аймакта өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +21…+26, күндүз +35…+40,...