Өлкөдөгү дарыгерлер канча айлыкка иштешет?

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Руслан Жакышев Саламаттыкты сактоо министри Алмкадыр Бейшененалиевге дарыгер, медайым жана техкызматкерлердин айлыгы боюнча кайрылды.

«Дарыгерлердин орточо айлыгы 20 миң 227 сом, башкы медайымдардыкы 19 миң сом, катардагы медайымдардыкы 13 миң сом.  Аймактарда 35-60 миң сом алып жатышат. Жаңы бүткөндөр 11 миңден 13 миң сомго чейин алышат», — деди министр.