Өлкөдөгү эң жакыр облустар аталды

Өлкөдө жакырчылыктын жогорку көрсөткүчтөрү Баткен, Жалал-Абад жана Нарын облустарында экени аныкталды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин статистикалык изилдөөлөр институтунун эксперти Айлуна Шамурзаева социалдык тармакта уюштурулган түз эфирде айтты. Ал эми Бишкек шаары, Талас жана Чүй облустарында абал салыштырмалуу туруктуу экени маалымдалат.

“Нарын облусуна малдын саны абдан маанилүү болсо, Талас облусунда жакырчылыктын деңгээли төө буурчакка болгон баадан көз каранды. Аймактарга кедейчиликтин тийгизген факторлорун аныктоо боюнча изилдөө биринчи ирет жүргүзүлүп жатат, биз мында демографиялык гана эмес, макроэкономикалык методду да колдондук”, — деп белгиледи Айлуна Шамурзаева.

Мындан тышкары кедейчиликтин деңгээлине керектөө товарлары менен айыл-чарба азыктарына болгон баанын өзгөрүшү таасирин тийгизери дагы кошумчаланды.