Өлкөдөгү газдын тарифи ансыз деле бардык чыгымды жаппайт дешти

Бүгүн “Газпром Кыргызстан” ишканасынын башкы директору Арзымат Алдаяров маалымат жыйын берди. Кечээ аталган компаниянын ишин Жогорку Кеңештин депутаттары сындашкан болчу.

Алдаяровдун айтымында, жаратылыш газынын тарифинин жогорулашы бир гана доллардын курсунун кымбаттоосу менен байланыштуу. “Азыркы тариф транпорттоо боюнча бардык чыгымдарды жаппайт, демек, бул иш чыгымдуу болуп саналат”, — деди “Газпром Кыргызстан” ишканасынын башкы директору.

Алдаяров Кыргыз өлкөсүндөгү көгүлтүр оттун баасы КМШнын ичиндеги импортчу мамлекеттердин арасындагы эң төмөн баа экенин жана анын жыл ичинде доллар кымбаттаганына карабай өзгөрбөгөнүн айтты.