Өлкөдөгү карылар, балдар үйлөрүнө камералар коюлуп жатат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, улгайган жарандар, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана чоңдор жашаган социалдык стационардык мекемелеринде видеокамералар орнотулду.

Мындай чара социалдык коргоо системасынын санариптик инфраструктурасын жакшыртуу максатында жана Эмгек министри Гүлнара Баатырова өткөн жылдын сентябрь айында кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу жана кызмат алуучуларга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын көзөмөлдөө максатында берген тапшырмасынын негизинде ишке ашты.

Азыркы учурда 17 интернатта 2332 кызмат алуучу жашайт, анын ичинен 522си улгайган жарандар жана жалпы оорусу боюнча майыптыгы бар жарандар, 1810 адам психоневрологиялык диагнозу бар чоңдор жана балдар.