Өлкөдөгү мыкты мектептер аталды. Алар кандай сыйланды?

Бүгүн, 20-июнда “Сейтек” улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунда республика боюнча 2022-жыл жыйынтыгы боюнча алдыңкы иш тажрыйба үлгүлөрү, мыкты билим берүү жана башкаруу көндүмдөрү жана жетишкендиктери менен айырмаланган бир катар мектептер сыйланды.
Иш-чарага билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева катышты. Ал окуу жылын ийгиликтүү аяктап, алдыңкы көрсөткүчтөргө жетишкен жалпы билим берүү уюмдарынын өкүлдөрүн куттуктап, аларга сыйлыктарды тапшырды.
«Билим берүү жана илим министрлигинин сунушу менен 2022-жылдын февраль айынан тартып өлкө аймагында мыкты мектептерди тандоо боюнча иш чара уюштурулуп келген. Жалпы билим берүү уюмдарынын рейтингин жыйынтыктоо үчүн атайын көз карандысыз калыстар тобу түзүлүп, ачык айкын жыйынтыктар чыгарылды. Калыстар тобунун сунушу менен “Эң мыкты” деп табылган мектептин бир кабинети заманбап үлгүдөгү технологиялар менен жасалгаланат”, — деди ал.

Мыкты деп таанылган жалпы билим берүү уюмдарынын рейтинги менен таанышыңыз.