Өлкөдөгү тоолуу райондордо кар көчкү жүрүшү күтүлөт

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 18-19-март күндөрү абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү жүрүшү күтүлөт.

Маалыматка караганда, кар көчкү Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55-115 чакырымында түшүшү мүмкүн.