Өлкөдөн чыгарылган Болот Темиров байланышка чыгып, окуяны айтып берди

Соттун чечими менен өлкөдөн чыгарылган иликтөөчү-журналист Болот Темиров «Азаттыкка» байланышка чыкты. Ал кантип, кимдер тарабынан Орусияга жөнөтүлгөнү, аны ал жакта кимдер тосуп алганы тууралуу маалымат берди.

«Мени кылмышкердей 6-7 адам аэропортко жеткирди. Документ жок болгон үчүн элчилик менен сүйлөштү. Бирок кыла албай коюштубу же жетишишкен жокпу, иши кылып, чек арадан документ жок өткөрүштү. 2-3 жылдан бери мени чек арада 5-10 мүнөт кармашчу. Бул жолкусунда 1 секунд да кармашкан жок. Чуркап өттүм. Учакка отургузушту. ИИМдин 10-кызматынан эки кызматкер мени менен кошо барды. Менин жанымда паспортум да жок болчу. Чек арачылар базадан карап, 1-2 суроо берип, өткөрүп ийишти. Мени Орусияда туугандар тосуп алышты. Жанымдагылар жеткирген соң, кетип калышты», — деди ал.

Соттун чечиминен кийин Болот Темировду бир канча саатка таппай калышкан. Ал ошол учурда эмне кылганын айтты. «Менден телефонуң барбы деп сурады. Телефонум жок экенин айтышты. Ошол учурда аэропортко айдашты. Бул мага өчөшкөнү. Иштейбиз, жооп беребиз. Эл аралык сотко беребиз», — деди ал.

Ал ошондой эле азырынча коопсуздугу тууралуу айта албарын, ал үчүн Орусиянын мыйзамдарын окуу керектигин айтты.