Өлкөдөн чыгарылган журналист Болот Темировго арналган иллюстрация жарыяланды

Иллюстратор Татьяна Зеленская кезектеги эмгегин соттун чечими менен өлкөдөн чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировго арнады.

Ал сүрөткө «Болот Темировду колдоо иретинде» деп жазган.

Кечээ, 23-ноябрда судья Адис Момуналиев төрагалык кылган соттук коллегия Темировду Кыргызстандын аймагынан чыгаруу чечимин чыгарган. Аны сот залынан сүйрөп алып чыгып кетишкен. Айрым маалыматтар боюнча аны аэропортко алып барышып, Орусияга салып ийишкен. Ал арада социалдык тармактарда анын жанында бир да документ, кийим-кечеси, акчасы жок экени айтылып, мекендештерге аэропорттон тосуп алууну суранган посттор жарыяланды.