Өлкөгө келген 50 мектеп автобусу алыскы райондорго берилет

Бүгүн, 2-сентябрда саат 17:00дө Усубалиев атындагы аянтта Акылбек Жапаровдун катышуусунда “Евразия” эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча автономдуу коммерциялык эмес уюмунун мектеп автобустарынын ачкычтарын салтанаттуу түрдө тапшыруу аземи өткөрүлөт.

Министрлер кабинети менен “Евразия” автономдуу коммерциялык эмес уюмунун ортосунда Евразия мейкиндигинде салттуу баалуулуктарды сактоо жана бекемдөө боюнча өз ара аракеттенүү жөнүндө келишимге кол коюу аземи пландаштырылган. Келишимдин алкагында “Евразия” автономдуу коммерциялык эмес уюму республикага заманбап коопсуздук стандарттарына ылайык жабдылган 50 мектеп автобусун өткөрүп берет.

Алыскы райондордогу балдар мектепке ыңгайлуу шартта жете алышат.