Өлкөнүн 70 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырылды

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов өлкөнүн 70 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат катчысы билдирди.

«Билим берүү жана илим министрлиги антикризистик планды кабыл алды, анын аркасында бардык билим берүү мекемелеринде окуу процесси токтотулган жок. Биз онлайн режиминде билим алууга өттүк. Бул иш-чаралар ошондой эле мугалимдердин маанилүү ролун эске салды», — деген Мамытов.

Ошондой эле, Талант Мамытов иш-чарага өлкөнүн мыкты студенттери чогулгандыгын, алар Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан 184 миң баланын ичинен өз билими жана аракети менен айырмаланышканын белгилеген.