Өлкөнүн аймагында күзүндө ЖККУнун тынчтыкты орнотуучу күчтөрү менен машыгуу өтөт

Бүгүн, 20-июнда Кыргыз Республикасынын Күжүрмөн даярдоо борборунун базасында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Тынчтыкты орнотуучу күчтөрү менен «Бузулгус боордоштук-2023» командалык-штабдык машыгуусуна даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча экинчи штабдык сүйлөшүү башталды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен маалымдашты.

Сүйлөшүүнүн максаты – окуу тапшырмаларын толук жана сапаттуу аткарылышын камсыздоо жана машыгуунун максатына жетүү. Иш-чарага Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргыз Республикасынын, Орусия, Тажикстандын аскер делегациялары, ошондой эле ЖККУ Бириккен штабынын жана Катчылыгынын өкүлдөрү катышууда. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө машыгууну өткөрүү тартиби жана көздөмү, тынчтыкты орнотуу бөлүкчөлөрүнүн практикалык иш-аракеттеринин планы, ар тараптуу камсыздоо маселелери каралып, макулдашылат жана боло турган маневрлердин районун изилдөө (рекогносцировка) жүргүзүлөт.
«Бузулгус боордоштук-2023» командалык-штабдык машыгуусу ушул жылдын күз айларында Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлөт.