Өлкөнүн айрым облустарында сел жүрүшү мүмкүн

Кыргызстанда 24-25-март күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Ошондой эле эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Андыктан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги арыктарды, суу өткөрүүчү түтүктөрдү жана дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүүнү сунуштады.