Өлкөнүн айрым райондорунда үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-3-апрелде Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө -1…-3°, тоо этектеринде -3…-5° үшүк жүрүшү мүмкүн.

Ошондой эле үшүк өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч келтирери айтылды