Өлкөнүн экономикалык активдүү калкынын 13 пайыздан ашыгы бюджеттик сектордо иштейт

2026-жылга чейинки мезгилде бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө системасын өркүндөтүү концепциясы бекитилди. Тиешелүү чечим Министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынды.

Аталган документ президенттин 2022-жылдын 28-мартындагы жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Муну эске алуу менен Министрлер кабинети 2026-жылга чейинки мезгилде бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө системасын өркүндөтүү Концепциясын бекитүү чечимин кабыл алды.

Белгилесек, өлкөнүн экономикалык активдүү калкынын 13 пайыздан ашыгы бюджеттик сектордо иштейт жана бюджеттик сектордун кызматкерлеринин акчалай кирешесинин негизги булагы эмгек акы болуп саналат.