Өлкөнүн кайсы аймактарында жарык өчүп жатат?

Шоумен Улук Сапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу «Кайсы аймакта жарык өчүп жатат?» деген сурамжылоо жүргүзүп жатат.

Постко 400гө жакын адам ой-пикир калтырган. Анда өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында жарык өчүрүлүп жатканын окууга болот. Колдонуучулардын айтымында, жарык күнүгө 1-2 сааттан өчүрүлүп жатат.