Өлкөнүн шаарларында сөөктү кремация кылган мамлекеттик жайлар салынат

Кыргызстандын шаарларында сөөктү кремация кылган мамлекеттик жайлар салынат. Бул тууралуу депутат Марлен Маматалиев «Спутниктин» маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө крематорийлердин иштеши боюнча берене «Сөөк коюу жана сөөк коюу иши жөнүндө» мыйзамга киргизилет. «Кыргызстанда көз жумган адамдын сөөгүн кремация кылуу керек деген ойду кармангандар бар. Жаңы мыйзамда крематорийлердин курулушу каралган. Бирок алар сөөктү өрттөө үчүн гана эмес, кээ бир оорулардан жапа чегип өлгөн жаныбарлардын денелерин өрттөш үчүн да иштейт», — деди Маматалиев.

Ал президент кол койгон мыйзамга ылайык крематорийлер шаарларда гана курулат, бирок алардын так саны азырынча белгисиз.