Өлкөнүн туруктуулугу үчүн деп Эски аянтка митингге чыккандар тарашты

Бишкектеги Өкмөт үйүнүн алдына өлкөнүн туруктуулугу үчүн митингге чыккандар тарашты.

Бишкектин Эски аянтына болжол менен миңдей адам келген. Алардын көпчүлүгү элдик кошуундун мүчөлөрү. Чогулгандардын алдына чыгып сүйлөгөндөр тынчтык жана биримдикте жашоого, чагымчылардын сөздөрүнө кирбөөгө жана аларга моюн сунбоого, ошондой эле митингдерге чыкпоого үндөп жатышкан.