«Олуттуу пикир алмашуу». Ташиев менен Ятимов кечээ Баткенде жолугушту

Кечээ, 2-октябрда Баткен шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги Биргелешкен жыйыны болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын делегациясын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жетектесе, Тажикстандыкын — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектеди.

«Жолугушууда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселеси боюнча олуттуу пикир алмашуу болду. Делегациялардын жетекчилери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын калган тилкелерде өтүшүн андан ары сыпаттоону активдештирүү зарылдыгы тууралуу толук түшүнүшүү менен жумушчу топторго тийиштүү тапшырмаларды беришти. Топографиялык жумушчу топтору жана укуктук маселелер боюнча жумушчу топтору мамлекеттик чек аранын калган тилкелериндеги долбоордук линияны сыпаттоо боюнча ишин улантышат», — деп жазылат маалыматта.

Биргелешкен жыйындын жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлганы маалымдалып, жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өткөнү айтылды.