Өлүк сойгуч кесибинин түйшүгү. «Бул жерге капыстан эле келип калгам» дейт дарыгер

SUPERTV телеканалынын “Тузу оор кесиптер” долбоорунда бул жолу патологоанатом кесиби менен тааныштырабыз. Каарманыбыз Атыр Абылова 8 жылдан бери Бишкек шаардык өлүкканасында иштейт.

«Бул жакка капыстан эле келип калгам. Медициналык билими бар киши издеп жатышыптыр. Ошентип «убактылуу эле» деп келип калгам. Ошол бойдон калып калдым. Ооруканаларда каза болгон адамдардын сөөктөрү бизге келет, аны союп, ткань алып, жыйынтык чыгарып беребиз»,- деди ал.