Өлүм алдында жаткан келин кызын көрүүнү кыялданат. ТИМ жолдошу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат

Рак оорусунун оор түрү менен жабыркаган кыргызстандык Алина Батурова каза боло электе Казакстандын Жамбыл облусунун Кордай районунда жашаган беш жаштагы кызы Инжу Батурованы көрүүнү кыялданат. Бул тууралуу аялдын социалдык тармактарга жарыяланган видеокайрылуусунда айтылат.

32 жаштагы аял IV стадиядагы эмчек рагы менен жабыркайт. Анын мээсинде, боорунда жана өпкөсүндө метастаздар бар. Белгиленгендей, кыргызстандык аял ар төрт саат сайын морфин колдонот. 

«Күйөөсү Кордайда болгондуктан кызын көрүүгө уруксат бербей, оорулуу аялына барбайт, жардам бербейт. Бул жылдар бою ал Бишкектеги ата-энесинин колдоосу аркылуу рак оорусу менен өз алдынча күрөшүп келет. Эми Алинанын убактысы аз калды, кызын көргүсү, кучактап алгысы келет. Уалихан Батуровду кызын жок дегенде бир күн алып келүүгө көндүрүү аракетинен майнап чыккан жок. Ал катуу ооруп жаткан аялын көргүсү келбейт», — деп жазылат видеонун алдында. 

Бул тууралуу ТИМ комментарий берип, Батурованын жолдошу менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

«Министрлик Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу менен биргеликте бул фактыга керектүү бардык жагдайларды тактоо үчүн Алина Батурованын жубайы менен ошондой эле апасынын туугандары менен, тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Маселе Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө көзөмөлүндө», — дешти ТИМден.