Өмүрбек Бабанов кайра камакка алынабы? Райондук соттун жообу

«Кыргызстанга дарылануудан кайтып келген Өмүрбек Бабанов кайра камакка алынабы?» деген суроо менен Биринчи Май райондук сотуна СЕРЕП МЕДИА агенттиги кайрылды. Райондук сотунун берген маалыматына ылайык, соттун 27-июлундагы токтомуна ылайык, Бабановдун бөгөт чарасы эч жакка кетпөө тил катка өзгөртүлгөн.

Өмүрбек Бабанов 31-майда “Кумтөр” маселеси боюнча коррупцияга шектелип кармалып, 2-июнда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2 айга УКМКнын СИЗОсуна камакка алынган. Кийинчерээк УКМК Өмүрбек Бабановдун ден-соолугунун начарлашына байланыштуу анын баш коргоо чарасы өзгөртүлгөнүн айтып, чет өлкөдө дарыланарын маалымдаган. Бүгүн анын өлкөгө кайтып келгени айтылды.