Бабановдун Кыргызстанга кайтып келгени айтылды

Саясатчы Өмүрбек Бабанов чет өлкөдөгү дарылануусунан кийин Кыргызстанга келди. Бул тууралуу ЖМКлар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, ага операция жасалган. Дарыгерлер ага учакка түшүүгө тыюу салгандыктан өлкөгө унаа менен кайтууга туура келген. Анын 5-августта дарылануу үчүн Орусияга учуп кеткени айтылган.

Өмүрбек Бабанов 31-майда “Кумтөр” маселеси боюнча коррупцияга шектелип кармалып, 2-июнда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2 айга УКМКнын СИЗОсуна камакка алынган. Кийинчерээк УКМК Өмүрбек Бабановдун ден-соолугунун начарлашына байланыштуу анын баш коргоо чарасы өзгөртүлгөнүн айтып, чет өлкөдө дарыланарын маалымдаган.