Бабановдун атканасын өрттөп жиберишкенби? Саясатчы үн катты

????????????????????????????????????

Саясатчы Өмүрбек Бабанов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу атканасындагы өрт тууралуу билдирүү таратты.

“Менин атканамда болгон өрт тууралуу маалыматтар таркай баштады! Бул маалымат ар башкача чечмеленип, ар кандай божомолдор жаралып жатат. Андыктан бул факты боюнча билдирип коюуну чечтим.

Өрт 4-февралда түшкү саат 13:25те болгон, бул тиричиликке тиешелүү окуя. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери иликтенүүдө. Сизден эрте тыянак чыгарбоону суранабыз.

Мени колдогон сөздөр үчүн тынчсызданган адамдардын бардыгына ыраазычылыгымды билдиргим келет. Өрт өчүрүү кызматына ыкчам келгендиги үчүн ыраазычылык билдирем!” — деп жазылат билдирүүдө.

Буга чейин журналист Айбек Турдалиев саясатчынын атканасы күйүп кеткенин маалымдап, бир нече видео жүктөгөн эле. Мындан тышкары журналист: «Өрттөнүп кетти… Өрттөп кетти десек туура болчудай», — деген билдирүү калтырган.