Өмүрбек Бабановдун аты жазылган аккаунттан тараган маалыматтар калп экендигин ырасташты

Соцтармакта Өмүрбек Бабановдун аты жазылган аккаунттан тараган маалыматтар калп экендигин, ал эми бул баракчанын фейк аккаунт экендигин ишкердин жардамчылары ырасташты.

Жардамчыларынын айтымында, ишкердин соцтармакта расмий аккаунттары бар жана маалыматтарды, кайрылууларды ошол аккаунттарда гана жарыялайт.