Өмүрбек Бабановдун өлкөдөн чыгып кеткени айтылууда

Кумтөр долбоору боюнча коррупцияга шектелген экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов өлкөдөн чыгып кетти. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар өз булактарына таянуу менен жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, ал 5-августта Бишкек-Москва каттамы менен учуп кеткен.

Өмүрбек Бабанов 31-майда “Кумтөр” маселеси боюнча коррупцияга шектелип кармалып, 2-июнда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2 айга УКМКнын СИЗОсуна камакка алынган. Кийинчерээк УКМК Өмүрбек Бабановдун ден-соолугунун начарлашына байланыштуу анын баш коргоо чарасы өзгөртүлгөнүн айтып, чет өлкөдө дарыланарын маалымдаган.