Өмүрбек Суваналиев чек арада жаңжал чыгат деген маалымат болгон эместигин билдирди

Баткен облусунун мурдагы башчысы Өмүрбек Суваналиев “Азаттыкка” берген маегинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал жөнүндө жергиликтүү бийликте маалымат болгон эместигин билдирди.

“Мындай чоң жаңжал чыгып кетет деген маалымат жок болчу. “Билгенбиз” деп көпчүлүгү жалган айтып жатат. Алар окопторду казып жатканда сүрөткө тартып өзүбүз таратканбыз. Алар силерде дагы ушундай окоптор бар экен деп айтышты. 28-апрелде сүйлөшүп, окопторду жабалы деп келишкенбиз”, — деди ал.

Суваналиев акырына чейин жаңжалды алдын алууга аракет кылып, чыңалууну сүйлөшүү менен чечүүгө аракет кылганын айтты. Мурунку облус башчы кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны жаңжал эмес, согуш деп сыпаттады. Ошондой эле ал “кыргыз-тажик элдеринин ортосунда бири-бири менен келише албаган маанай күчтүү. Буга 30 жылдык бийликтин кайдыгерлиги себепкер” деди.

Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстан менен куралдуу кагылышуу тууралуу бийликте болжолдуу маалымат болгонун айткан эле.

«Мындан улам Баткен облусунда аскердик техникалар даярдалып, ири кагылышты биринчи күнү эле алдын алдык. Биздин күчүбүз жетмек, бирок биз «битке өчөшүп көйнөгүңдү өрттөбө» деген принцип менен иш алып бардык», — деген ал өз сөзүндө.