Өмүрбек Текебаев «30 жылда эмне кылды?» дегендерге жана депутатка жооп берди

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев видео кайрылуу жасады. Ал муну менен депутатка, ошондой эле «Текебаев 30 жылда эмне кылды?» дегендерге жооп берди.

«2011-жылы микрофинансылык компаниялардан 500 миңден ашык адам карыз алышкан. Пайызы 300гө чейин жетип, туумдары менен жылына 1000 пайызга жеткен учурлар көп болгон. Эл абдан нааразы болуп, митингге чыгышкан. Ошондо мен нравалык-этикалык өзгөчө мааниси бар мыйзам долбоорун киргизгем. Ал “Сүткорлукту чектөө” мыйзам долбоору эле.

2013-жылы бул мыйзам кабыл алынып, “чү” дегенде эле микрофинансылык компаниялардын кредит боюнча пайызы 38ден төмөн түшүргөн. Туум да 20 пайыз менен чектелген. Биринчи жылы эле карыз алгандар 3 миллиард сом жеңилдик алышкан. 2022-жылы пайыз 30дан төмөндөп, карыз алгандар 8 миллиард сом жеңилдик алышты (бир адамга орточо 16 миң сомдон туура келет).

Мыйзам иштеген 10 жылда карыз алган карапайым элге 50-60 миллиард сом жеңилдик берген. Бул мыйзамдын потенциалы чоң. «Текебаев 30 жылда эмне кылып койду?» деп, сураганды адат кылган адамдар бар. Мен аларга бир мыйзамым жөнүндө айтып бердим. Мындай мыйзам КМШ өлкөлөрүндө азырынча жок», — деп жазды ал.