Өмүрбек Текебаев Анатай Өмүркановдун ыр саптары менен кыргызстандыктарды куттуктады

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев акын Анатай Өмүркановдун ыр саптары менен кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады.

«1976-жылдан баштап Советтер Союзунун учурунда Жаңы жыл Эльдар Рязановдун “Ирония судьбы” же “С лёгким паром” деген тасмасыз тосулбайт эле. Ал эми ошол заманда Кыргызстанга Жаңы жыл Анатай Өмүркановдун сөзүнө жазылган Токон Эшбаевдин “Ак тилек” деген ыры менен кошо келет эле.

Урматтуу туугандар, достор! Баарыңарга бекем ден соолук, бактылуу өмүр, бакубат жашоо, иштериңерге ийгиликтерди каалайм! Жаңырган жылы ойлогон ой-максаттарыңыздар ишке ашсын. Жерибизде тынчтык, элибизде ынтымак бекемделип, ырыскы ыроологон жемиштүү жыл болсун! Жаңы жылыңыздар куттуу болсун!» — деди ал.