Өмүрбек Текебаев анын телефонун уурдаган адамга доосу жок экенин билдирди

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев каракчылыкка шектелип кармалган жигитке карата дооматтан баш тартуу боюнча арыз жазды. Бул тууралуу журналисттерге өзү билдирди. 

Анын айтымында, шектүүгө эч кандай доосу жок. «Ага «күнөөлүү болосуң» деп айтылган, ошондуктан менин ага эч кандай дооматым жок. Бирок кол салгандар жана уюштуруучулар жазаланышы керек. Аларга юридикалык баа берилиши керек”, — деди саясатчы.