Өмүрбек Текебаев туулган күнүн биринчи жолу ресторанда белгилегенин айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев 22-декабрда 62 жашка чыгып, үй-бүлөсүнүн курчоосунда белгилеген туулган күнүн саясатчынын жубайы Айгүл Текебаева социалдык тармактагы баракчасына бөлүшкөн. Андан ары чакан майрамдын белгилениши айрым интернет колдонуучулар тарабынан кызуу талкууга алынган эле. Буга байланыштуу «Ата мекен» партиясынан маалымат таратылды.

Текебаевдин айтымында, анын үй-бүлөсү жупуну жашаганга көнгөн жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн туулган күндөрүн дайыма үйдө эле белгилеп келишет. Ал эч убакта өзү юбилей белгилеп, көп эл чакырган учуру болбогонун айтат.

«55 жашка чыкканда гана фракция мүчөлөрү менен, анан 60ка чыкканда Болот Шердин демилгеси менен юбилейим белгиленген. Анда өзүм түрмөдө болгонума байланыштуу катышкан эмесмин. Ошондо Болот Шерге “Боке, бирөөнүн юбилейин өткөрөм деп кантип кайрыласың, эл эмне дейт?” десем, раматылык Болот Шер “бул сенин жеке маселең эмес, бул партиянын иши” деп, бүт региондо жана Бишкекте коомдук иш-чара катары белгилеген. Өмүрүмдө ушул эки учурда туулган күнүм көп адамдын катышуусунда белгиленген.

Мурдагы күнү биринчи жолу үйдөн чыгып, үй-бүлө мүчөлөрүбүз менен ресторанга барып, туулган күнүмдү белгиледик. Анын себеби, кызым Айданек, студент уулдарым Амантур, Эсентур пандемия учурунда дистанциялык шартта окуп, бош болгон маалда иштеп, акча таап калышты. Биринчи жолу алар өздөрү иштеп тапкан акчага “атабыздын туулган күнүн белгилеп берели” деп ресторанга чакырышты. Акча чогултуп, мага чоң белек да даярдашкан экен. Apple акылдуу саатын беришти. Ал саат адамдын ден соолугун көзөмөлгө алып, эскертип турат. Бул саат балдарымдын “атабыздын ден соолугу чың болсун” деп ниет кылып, беришкен чоң белеги болду», — деген Өмүрбек Текебаев.