Экс-депутат Өмүрбек Текебаевдин апасы Тилла Текебаева дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу саясатчынын жакындары билдиришти.
Тилла Текебаева жакында 90 жашка чыкмак. Ал көптөн бери ооруп жаткан.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 30-апрелде Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Акман айылында өтөт.
Сереп Медиа агенттиги Тилла Текебаеванын каза тапканына байланышуу саясатчыга жана анын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.